Ачылышка райондун башчысынын орун басары Эркинбек Исаков, АРИСтин жетекчиси С. Бийназарова жана конуштун жашоочулары катышты.


Салтанаттуу ачылыштан кийин жергиликтүү командалардын ортосунда турнир уюштурулуп,  жеӊүүчү командаларга грамоталар жана сыйлуу белектер тапшырылды.


Бардыгы болуп кичи футбол талаасын курууга АРИС 30 миӊ АКШ долларын бөлүп берген, ал эми конуш тургундары 75 миӊ сом каражат чогултушкан.


Биринчи май райадминистрациясы Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине  ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да шаарды көрктөндүрүү боюнча ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууну улантуу пикирин айтты. Ошондой эле,  бардыгын сергек жашоого, дене тарбия жана спорт менен машыгууга чакырды.