Аталган турнир Баку (Азербайжан) шаарында 2-майдан 9-майга чейин өткөрүлгөн.


Алтын медалдарды: Артем Камарда - 50 метр аралыгын эркин сүзүү стилинде 24,80 секунд ичинде; 2 алтын медалды – Султан Букеев (200 метрди жана 400 метрди комплекстүү сүзүү). Мындан тышкары,  Букеев 2 күмүш медаль утуп алган (200 жана 100 метрди брасс менен).


2 күмүш – Екатерина Тарева (400 метр эркин сүзүү, 200 метр эркин сүзүү).


Коло медалдарды: Любовь Шевченко (400 метр эркин сүзүү), Темирлан Каратаев (50 метр баттерфляй), Артем Камарда (100 м эркин сүзүү) утуп алду.


Бардык катышуучулар «Дельфин» Адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн спорт боюнча олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары болуп эсептелет.