«Маданият» конушунда спорт залынын салтанаттуу ачылышына Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары Акматалы Омукеев, АРИСтин жетекчиси Сабыр Бийназаров жана конуштун жашоочулары катышты.


Спорт залда негизинен 6 жаштан 10 жашка чейинки балдар машыгат. Алардын ар биринде мелдештерде утуп алган медалдары бар.


Конуштун тургундары райадминистрацияга жана АРИС агенттигине спорт зал куруп бергендери үчүн ыразычылыктарын билдирип, аяр мамиле менен колдонорун айтышты.


Өз кезегинде Биринчи май райондук администрациянын башчысынын орун басары Акматалы Омукеев жашоочулар спорт залдын ээси катары залды андан ары жакшылап жабдып, таза жана тыкан колдонуу керектигин белгиледи.


Ал эми, «Аска-Таш» конушунда спортко кызыккандар үчүн машыгуу залы ачылды.


Биринчи май районунун администрациясынын башчысы Аскербек Алиев конуштун жашоочуларын машыгуу залынын ачылышы менен куттуктап, АРИСке берген жардамы үчүн ыразычылыгын билдирди.


«Урматтуу конуштун жашоочулары! Сиздерди машыгуу залынын ачылыш аземи менен куттуктайм. Мен сиздерди сергек жашоого, дене тарбия жана спорт менен машыгууга чакырам»,- деди Аскербек Алиев.   


Биринчи май райондук администрациясы Коомчулукту инвестициялоо жана өнүктүрүү агенствосуна спорт залдарды ачууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтып, мындан ары да шаарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды.