Альманахты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Чек ара кызматынын ардагерлер кеӊешинин төрагасы Сталбек Асакеев өткөрүп берди.


Ал өз сөзүндө биз аталарыбыздын эрдигин эч качан унутпай, каардуу согушту өз көздөрү менен көрүп айтып берилген окуяларды эстен чыгарбашыбыз керек деп айтты.


Сталбек Асакеев «Биздин жеӊиштер – биздин биримдигибизде!» альманахтарын 100 нуска санында аталардын эрдигин жана атын жандандыруу, жаштардын патриоттук духун көтөрүү максатында калаа мектептеринин китепканаларына өткөрүп берди.


Аталган иш-чаранын көркүн гимназия окуучулары даярдаган мектептин КВН командасынын чыгышы жана «Маугли» куурчак театрынын номери ачты.


Ошондой эле,  иш –чарага кыргыз эстрадасынын жылдызы Гүлнара Тойгонбаева  KgТай долбоору менен катышып, таланты жана шыгы бар жаш балдар үчүн өткөрүлүп жаткан сынак тууралуу айтып берди.


Иш- чаранын конокторуна гимназиянын мугалимдери ырдап берген соӊ, окуучулар журналисттер менен бирге Бишкек шаарынын тазалыгын жана экологиясын пропагандалоого арнап тарткан «Балдар таза шаар үчүн» фильмин тартуулашты.