Машыгуулар  2015-жылга бекитилген жарандык коргоого даярдоо планына ылайык «Жер титирөөнүн натыйжасында пайда болгон өзгөчө кырдаалдар учурунда жарандык коргоо органдарын башкаруу» темасында өткөрүлдү.


Аталган машыгуулардын жүрүшүндө катышуучулар калаанын жана райондун жарандык коргоону башкаруу органдары менен, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруусу райондордун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрү менен өз ара аракеттешүү суроолорун иштеп чыгышты. Ошондой эле, жер титирөө учурунда же жер титирөө коркунучу пайда болгон кезде байкоо жүргүзүү жана лабораториялык көзөмөл тармагынын уюмдары менен авриялык-сактоо жана шашылыш иштерин жүргүзүүдө, иш-чараларды координациялоо маселелерине да көӊүл бөлүштү.


Машыгууда шаардык коргоо кызматынын  өрткө каршы жана тез жардам кызматынын атайы техникалары колдонулду.


Штабдык машыгууларга жигердүү катышкандыгы үчүн райондун жарандык коргоо кызматына ардак грамоталар тапшырылды.
Машыгуу үстүбүздөгү жылдын 19-майынан 21-майына чейин өткөрүлдү.