Балдар майрамы «Фламинго» сейил багында өттү. Майрамдык иш-чарага 700 дөн ашык, анын ичинде 600 – муктаж болгон үй-бүлөлөрдөн балдар катышты.
 
Кичинекей шаар тургундары үчүн майрамдык программа, спорттук иш-чара, акысыз аттракциондор, бекер балмуздак, белектер жана суусундар таратылды.
Балдарды келе жаткан майрамы менен вице-мэр куттуктады.


«Балдар – биздин келечегибиз, ошондуктан биздин өлкөбүздү жана сүйүктүү Бишкек шаарыбызды мындан ары силер курасыңар. Ал эми биз чоң адамдар өз кезегибизде силердин балалыгыңар шаңдуу жана шайыр болушуна аракет кылабыз»,- деди Айгүл Рыскулова.