Мектепте окуган жылдары сиздер чоң жана кызыктуу жолду басып өттүңүздөр, ал жылдары көп нерсени таанып билдиңиздер, үйрөндүңүздөр, алгачкы ийгиликтер, достошуунун да жылдары болду. Силер менен дайыма кубансаңар бирге кубанып, кыйынчылыктарды жеңүүгө жардамдарын берип силер үчүн камкордук көрүп мугалимдериңер чогуу жүрдү.


Мектеп жөн гана билим бербестен, окуучуну адам катары да калыптандырат. Сиздерди тарбиялады, такшалтты.  Мугалимдер силерге билим берүү менен бирге элибиздин тарыхын, маданиятын, мекенибизди сүйүүгө үйрөттү. Шаарыбыздын мугалимдерине талыкпаган, баа жеткис эмгектери үчүн терең ыраазычылык билдирем.


Урматтуу бүтүрүүчүлөр!


Келечектин үмүтү жана Кыргызстандын тиреги сиздерсиңер.келечегиңер кең болсун! Алган билимиңерди Ата журтка  арнагыла!