№24 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрүн Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев куттуктады. Өз сөзүндө бүтүрүүчүлөргө жаркын келечек жана ийгиликтерди каалады.


Кызуу кол чабуулар менен мектеп бүтүрүүчүлөрүн тосуп алышып, каалоо тилектер айтылды. Акырында акыркы коңгуроо менен аяктады.


Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Кубан Айдаралиев жана Маданият министринин орун басары Айнура Темирбекова катышты.