Жаш көрармандар үчүн «Теремок» жомогу көрсөтүлдү. Балдарды чоң таттуу торт менен сыйлап, андан кийин каалоочулар үчүн асфальтка сүрөт тартуу улантылды.
Долбоордун башкы максаты балдарды китеп окууга үндөө, чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү болуп саналат.


Ачылыш аземине Свердлов райондук админстрациясынын башчысынын орун басары Чынара Борбашова жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси Жамиля Абирова катышты.