26-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун Кыргыз Республикасындагы Корей Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ха Тэёк менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү.

Жолугушууда элчи мэрдин жана мэриянын кызматкерлеринин иштѳѳ стили күчтүү жана корейлердин иштѳѳ стилине окшош экендигин белгиледи. Ошондой эле, ал Бишкекте дүйнѳгѳ белгилүү корей бренддеринин расмий ѳкүлчүлүктѳрү жок экендигин, корей  бизнес коомчулугунун ѳкүлдѳрүнѳ рынокко чыгууда шарттарды түзүү жана активдүү иш алып барууну каалап жатышкандыгын белгиледи.

Азиз Суракматов «Физкультурный» гүл бакчасынын айланасында Бишкек жана Кореянын Куми шаарынын ынтымагын билдирген монумент орнотулгандыгын, ошондой эле кызматташууну активдүү улантуу керектигин билдирди.