№67 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-интернатында Свердлов жана Октябрь райондорунун математика сабагынын мугалимдери үчүн шаардык семинар ѳткѳрүлдү.
Семинардын темасы: «Математика сабагы азыркы учурда кандай ѳтѳт? Окутуудагы интерактивдүү жана инновациялык каражаттар». Семинарды №67 мектеп-гимназиясынын математика сабагынын мугалими, КРнын агартуунун отличниги Пономарёва Наталья алып барды.
Тренингдин катышуучулары заманбап технологиялардын жардамы менен сабак ѳтүү ыкмалрын үйрѳнүштү.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!
Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.