Жагдай-шарттардын айкалышы чоӊ кайгыга алып келди. Албетте, бул окуя боюнча кылдат иликтөө жүргүзүлөт.


Бүгүнкү күндө аталган окуя толугу менен мэриянын, укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө, ал эми «Тазалык» ишканасынын автоунаасы техникалык абалын  экспертизадан өткөрүү үчүн айып төлөөчү жайга койдурулган. Алгачкы күбөлөндүрүү айдоочу соо абалда болгондугун тастыктап, айдоочу үйүнө жиберилген. Бардык  тергөө иш-чаралары бүтүп,  маркумдун аты-жөнү аныкталган кийин мэрия сөзсүз түрдө толук маалыматты жарыялайт.