Кѳптѳгѳн шаар тургундарынын кайрылуусу боюнча, Бишкек шаарынын мэриясы эс алуу күндѳрү ѳтүп жаткан айыл-чарба азыктарынын жарманкелеринин жүрүшүндѳ жол коопсуздугун камсыз кылууну күчѳттү.

Урматтуу шаар тургундары! Баарыңыздарды жарманкеге катышып, экологиялык таза жер жемиштерди, сүт, эт, тоок, балык, жана ун  азыктарын сатып алып, кышка даярдык кѳрүүгѳ чакырабыз.

Жарманкелер тѳмѳнкү даректерде ѳтүүдѳ:

Свердлов районунда Т.Айтматов жана Мамбетов кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде;

Ошондой эле, шаар тургундарынын суранычы боюнча жарманкелер тѳмѳнкү даректерде ѳтѳт:

- Ауэзов кѳчѳсүндѳ («Аламүдүн-1» кичи району, «Чынар» базарынын жанында);

-Орозбеков кѳчѳсүндѳ («Эски толчок» базарында);

- Ленин районунда жарманке Айни жана Бакаев кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде ѳткөрүлөт;

- Октябрь районунда жарманке Н.Жетикашкаев кѳчѳсүндѳ (Токомбаев кѳчѳсүнѳн Айтиев кѳчѳсүнѳ чейин) уюштурулган;

-Ал эми Биринчи май районунда Медеров жана Панфилов кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде ѳткѳрүлѳт.

Азык-түлүк жарманкеси ар ишемби жана жекшемби күндѳрү саат эртең мененки жетиден түшкү саат тѳрткѳ чейин ѳткѳрүлүүдѳ.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!