Калаада күзгү тазалоо иштери башталып, кечээ жана бүгүн жалпы ишембилик өткөрүлүп, ага шаар тургундары, мекеме жана уюмдардын, ошондой эле муниципалитеттин кызматкерлери катышышты.

Биринчи май районунун аймагындагы ишембиликке 20 мекеме жана уюмдан 400 адам катышты. Ишембилик муниципалдык администрациянын, МАБдардын, кварталдык жана үй комитеттеринин катышуусунда Эркиндик бульварында, Жаштык паркында өткөрүлдү. Жыйынтыгында санитардык тазалоо 18900 м2 ашык аянтта жүргүзүлүп, ирригациялар тазаланып, 15 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине 3 бирдик атайын техника тартылды.

Свердлов районунда ишембилик “Театралдык” скверинде, “Эне-Сай”, “Ак-Тилек” жаңы конуштарында өткөрүлүп, ишембиликке 780 адам катышты. 15300 м2 аянт тазаланып, ирригациялык түйүндөр тазаланды. Ошондой эле, 24 м3 таштанды чыгарылды.

Ленин районунда ишембиликке администрациянын жана муниципалдык ишканалардын 200 кызматкери катышып, 3 бирдик атайын техника тартылды.

Октябрь районунда ишембилик “Физкультурный” скверинде, Д.Асанов атындагы паркында, ошондой эле Жаңгак жана Ак кайың токойлорунда өткөрүлдү. Мындан тышкары, тазалоо иштери “Көк-Жар” жаңы конушунда, “Тунгуч” кичи районунда, №3 кичи районунда жүргүзүлүп, 14 000м2 аянт, 890 п/м ирригациялык түйүн тазаланып, 17 куб метр таштанды чыгарылды. Ишембиликке 670 адам катышты.

Таштанды чыгаруу үчүн шаар боюнча 5 бирдик атайын техника тартылып, 36 куб метр таштанды чыгарылды. Таштандылардын чогултуу жана чыгаруу иштери улантылып жатат.