5-ноябрда Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын жетекчилерине салтка айланган кезектеги пландык жыйынын өттү.

Жыйындын жүрүшүндө 5 маселе каралып, “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата пландык иштери, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын 2018-жылдын 9 айына карата отчету жана 2019-жылга карата перспективдүү пландары,  суу жээктерин бекемдөө иштеринин жүрүшү талкууланып,  Бишкек шаарынын аймагында акы төлөнүүчү унаа токтотуу жайларын уюштуруу шарттары жана тартиби жөнүндө жобонун долбоорунун жана «Bishkek 312» мобилдик колдонмосунун презентациясы сунушталды.

Тышкы жарыктандырууну модернизациялоо пландары жөнүндө “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын башчысы Жумамүдүн Жумалиев айтып берди. Жыл башынан бери ишкана тарабынан 6 миң 343 чырак алмаштырылып, 48,9 км зым (СИП)  төшөлгөн. 2019-жылдын планында тышкы жарыктандырууну башкаруу автоматташтырылган системасын киргизүү, 5 миң светодиоддук чырактарды сатып алуу жана орнотуу, 1800 чырак түйүндөрүн райондорго орнотуу каралган. Ошондой эле, Эмен паркындагы, Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварларындагы, “Театралдык” сквериндеги тышкы жарыктандыруулар реконструкцияланат. Мындан тышкары, жаңы конуштарга тышкы жарыктандыруу түйүндөрүн куруу иштери жүргүзүлөт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыбек Усупбеков 9 айда 7 миң 92 адам ишке орноштурулгандыгын, 439 адам коомдук иштерге жиберилгендигин, 1377 адам кесиптик окууларга катышкандыгын билдирди. Учурда абдан талап кылынган кесиптер бул мугалим жана тигүүчүлүк кесип.
Ошондой эле, жыйындын катышуучуларына муниципалитеттин “Бишкек 312” расмий мобильдик колдонмосунун презентациясы сунушталды.  Аталган мобильдик колдонмо аркылуу шаар тургундары көйгөйлөрдү шаардын тиешелүү кызматтарына жибере алышат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, шаардык муниципалитеттин басма-сөз кызматы.