Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрынан 4-ноябрына чейин мэриянын Call-борборуна шаар тургундарынан 711 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын катталганы 178 кайрылуу.
Кайрылуулардын көпчүлүгү сурап-билүү иретинде болгон.
Урматтуу шаар тургундары! Чалууларды күнү-түнү 185 жана 1840 номери кабыл алат, ошондой эле, көйгөйлөрдү сүрөттөрү жана так даректери менен 0554 182-185 номерине жиберсеңиздер болот. Ал эми 1-ноябрдан тартып ыкчам чараларды көрүү кызматы кайрылууларды жана арыздарды 1850 кыска номери аркылуу кабыл ала баштайт.
Ошондой эле, арыздарды акимдердин орун басарларынын номерлерине жиберсеңиздер болот:
- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;
- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;
- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — 0555 66-60-96;
- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.