Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан мыйзамсыз орнотулган объектилерди  аныктоо жана аларды түрттүрүү иштери улантылууда.

29-октябрдан 4-ноябрга чейин 7-апрель жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Т” түрүндөгү жарнама тактасы, ошондой эле Шопоков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги 3х5 метр өлчөмүндөгү жарнама тактасы алынды.

Ибраимов көчөсү №42 жана №45 үйлөрүнүн короосуна мыйзамсыз орнотулган тосмо, №7 кичи районунда 2 тосмо алынды. Ошондой эле, Чүй проспектиси №49, 51 үйлөрүнүн короосундагы бетондон жасалган тосмо түрттүрүлдү.

Мындан тышкары, Чүй проспектиси №117 жана Абдрахманов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги жарнама конструкциясы, Гоголь көчөсү №2 дарегиндеги темир тосмо алынып салынды.

Бул багыттагы иштери дагы улантылууда.