Шаар тургундары менен кошо спортчулардын оюндарын көрүүгө Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова келди.


Спортчулар келген коноктор үчүн спорттук аэробика, көркөм жана спорттук гимнастика, таэквондо, будо-каратэ, ушу, бокс, кулатуу, дзюдо жана самбо боюнча көрсөтмөлөрүн тартуулашты.


Ошондой эле,  ордо, кичи теннис, шахмат, тогуз коргоол, армрестлинг, «Көӊүлдүү старт» оюну, аркан тартуу, , streetworkout, стритбол жана кичинекей балдар үчүн жеӊил атлетика боюнча биринчиликтер өттү.


Иш-чаранын аягында активдүү катышуучулар жана мелдештин жеӊүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышты.