Иш-чарага 1100 бала катышты. Концерттик программанын алдында ар түрдүү курактагы балдар жана ата-энелер массалык флэшмобго катышты.


Балдарды майрамы менен Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова куттуктады. Ал балдарга бекем ден-соолук, бакыт жана көнүлдүү эс алуу каалады.

Концерттик программа “Таберик” балдар музыкалык театры, “Кыргызстан балдары” шаардык балдар чыгармачылык борбору, райондук балдар чыгармачылык борборлорунун 250 баласынын коштоосунда өттү.

Концерттин аягында балдарга  стол оюндары жана балдар энциклопедияларын белекке тапшырылды.


Иш-чарага бюджеттен 1млн.200 сом каражат коротулду. Анын ичинде 900 миң сомго белектер алынды.