Беттеш райондун МАБ балдар командалары, кароосуз балдарды калыбына келтирүү борбору жана райондун ИИБ жашы жете элек өспүрүмдөр инспекциясы арасында өттү. Мелдешке 7ден 14 жашка чейинки балдар катышты.

Иш-чара райондун балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларынын концерттик көрсөтүүлөрү жана бийлери менен коштолду.


Жеңүүчүлөргө район башчысынын атынан кубок, белек жана грамоталар тапшырылды, ошондой эле, бардык балдарга балмуздак жана таттуулар тартууланды.


Мындан сырткары, Панфилов паркында райондун балдар чыгармачылык борборунан майрамдык иш-чара жана концерттик оюн-зоок  программасы тартууланды. Кароосуз балдарды калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларына бекер аттракциондор уюштурулду.


“Юг-2” кичи районундагы ачык бассейинде сууга түшүү сезонунун ачылышы болду. Чакырылган балдарга “Ата, апа, мен – спорттук үй-бүлө” сынагы уюштурулду.