Бишкек шаарынын кеӊешинин атынан Улуу Ата-Мекендик согуштун жеӊишинин 70 жылдыгына арналган «Өлбөс полк» акциясын уюштурууда жигердүү катышкандыгы, өсүп келе жаткан муунду аскердик-патриоттук  нукта тарбиялоодо кошкон зор салымы,  профессионалдуулугу үчүн Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскуловага жана Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын өкүлү Малик Ракишевге Ыраазычылык баракчасын тапшырды.


Бишкек шаарынын мэриясынын атынан ак ниет жана ийгиликтүү эмгеги жана ак  кызматы үчүн Бишкек шаарынын мурунку вице-мэри Марс Саккараев медаль менен сыйланды.


Ошондой эле, мэрия Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата жана Энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чараларды бийик деӊгээлде уюштуруп өткөргөндүгү үчүн Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нурбек Курманбеков, Бишкек шаарынын Маданият жана туризм башкармалыгынын башчысынын орун басарынын  милдетин аткаруучу Токтогул уулу Тургун жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын Биринчи май  аймагынын башчысы Фархад Айталиев аты жазылган кол саатары менен сыйланышты.


Андан тышкары, Улуу Ата-Мекендик согуштун жеӊишинин 70 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды уюштурууда жана жогорку деӊгээлде өткөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы жана аталган иш-чараларды уюштурууга жигердүү катышкандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын бир нече түзүмдүк бөлүмдөрү Ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.