Бүгүн, 6-декабрда Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы тарабынан Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Н. Ишекеев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты А.Уланов, жазуучунун карындашы Р.Айтматова, коомдук ишмер М.Шеримкулов, белгилүү кинорежиссер Б.Шамшиев, Бишкек шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Э.Тойгонбаев, Бишкек шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы А.Давлетбаев, билим жана маданият ишмерлери, жогорку окуу жайларынын студенттери жана мектеп окуучулары катышышты.

Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын Башчысы Н.Тынаев жана коноктор улуу жазуучуга терең ыразычылык билдирүү менен бирге Чыңгыз Айтматовдун жаркын элеси ар дайым элбиздин эсинде сакталаарын айтып өтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулуп, жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр, ырлар аткарылды.