6-декабрда Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков жарандарды жеке кабыл алуу өткөрдү.

Кабыл алуунун жүрүшүндө муниципалдык турак жай берүү, жер маселелери, канализация куруу, материалдык жардам бөлүп берүү жана райондун жашоочуларынын өздүк маселелери боюнча маселелер талкууланды.

Башчы жашоочулардын бардык кайрылуулары боюнча МАнын кызматкерлерине, райондук кызматтардын жана МАБдардын башчыларына бардык мсаелелерди кыска мөөнөттө чечүү боюнча тапшырма берди.

Башчынын жарандарда жеке кабыл алуусу ар жуманын бейшемби күнү саат 15:00дөн 17:00гө чейин өткөрүлөт жана төмөндөгү номер боюнча кабыл алууга жазылсаныз болот: (0312) 360193.

Урматтуу шаардыктар!

Свердлов районунун аймагында болгон бардык көйгөйлүү маселелер боюнча райондун башчысынын орун басары Рустам Асаналиевич Касымбековго Whats App аркылуу 0703 611 806 номерине байланышсаныз болот.

Чалуулар андан сырткары 185 жана 1840 номери аркылуу күнү-түнү кабыл алынат, ошондой эле көйгөйлүү маселелер боюнча сүрөттөрдү 0554 182 185 номерине жөнөтсөңүздөр болот.

Ал эми 1-ноябрдан тартып ыкчам кабыл алуу кызматы даттанууларды жана табыштамаларды 1850 кыска номери аркылуу кабыл алат.
Шаар тургундарынын даттанууларын жана кайрылууларын кабыл алуу боюнча "Бишкек 312" кызматы да иш алып барат. Өзүңүздүн арыздарыңыздарды же сунуштарыңызды калтыруу үчүн PlayMarket же AppStore  тиркемесин жүктөөңүз зарыл. Тиркемени активдештирүү үчүн өзүңүздүн аты-жөнүңүздү, мобилдик телефонуңузду көрсөтүү менен бул же башка топко кире аласыз.
Тиркемени колдонуучулар турак жай, коммуналдык чарба, коомдук транспорт, жол куруу, социалдык мекемелердин иштери, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселери боюнча бөлүмдөргө кире алышат.

Андан сырткары шаардыктар "Бишкек шаарынын мэриясынын расмий каналы" бөлүмүнө өздөрүнүн сунуштарын калтыра алышат.