Аталган форумга Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова катышты.


Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык тармактагы балдарды кароо системасын реформалоого багытталган кызматты андан ары жакшыртуу боюнча ою менен бөлүштү. Бул темада доклад менен КРнын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева чыкты.


Ошондой эле,  форумдун катышуучуларына турмуштун татаал окуяларына учураган балдардын бир мүнөттүк видеороликтери көрсөтүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев, Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо, Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Ички иштер министри Мелис Турганбаев катышты.