Жыйындын жүрүшүндө Свердлов районунун акиминин орун басары Чынара Борбашеванын социалдык маселелер тууралуу доклады угулду. Докладдан кийин вице-мэр Айгүл Рыскулова эскертүүлөрдү айтты жана жарандардан түшкөн кайрылуулардын схемасын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Андан кийинки доклады профилактика, кылмыштуулук жана укук бузуу бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Жакып Жумаев окуду.

Октябрь районунун Билим берүү борборунун директору Евгения Строкова өз сөзүндө зордук-зомбулукка кабылган балдардын көйгөйлөрүн чечүүдөгү кыйынчылыктарга токтолду.

Аталган жыйынга  Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, Бишкек шаарынын ИИББнын жетекчисинин орун басары Алмаз Орозалиев, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө  инспекциянын кызматкерлери, райондордун билим берүү борборлорунун өкүлдөрү жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү катышты.