Лагерлер саат 8:00дон 14:00го чейин иштешет. Балдар үчүн эки жолку – эртеӊ мененки жана түшкү тамактандыруу каралган.


Эс алуудагы балдар менен мектеп алдындагы лагерлердин 400 кызматкерлери иштешет.


«Алтын Түйүн» республикалык инженердик-техникалык балдар академиясы менен биргеликте жайкы каникул убагына 3 миӊден ашуун шаардын окуучулары үчүн 18 багыттагы ийримдердин иштеши пландаштырылууда.


Ал эми спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү максатында мектеп алдындагы лагерлерде спорт залдар, футбол, баскетбол, волейбол аянтчалары жана чуркоо жолдору даярдалды.


Саламаттыкты сактоо департаментинен  ар  бир мектеп алдындагы лагерге медицина кызматкери бекитилген. Медициналык кабинеттерде жана ойноо бөлмөлөрүндө биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн аптечкалар даярдалган. Лагерлердин бардык кызматкерлери медициналык текшерүүдөн өтүшкөн. Мектептердин коопсуздук кызматы тарабынан балдар коргоого алынат.


 Мындан тышкары, жол-транспорттук жаракаттарды болтурбоо максатында «Светофор менин эӊ мыкты досум» оюну ойнотулуп, МАИ кызматкерлеринин жетекчилиги алдында жол кыймылынын эрежелери тууралуу лекциялар окулат.


Билим берүү башкармалыгы Шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөл борбору менен биргеликте балдардын тамактандыруу шарттарын көзөмөлдөп турушат. Ошондой эле, лагерлердин ишинин эффективдүүлүгү үчүн «Балдардын мектеп алдындагы ден соолукту чыӊдоо лагерлеринде күндүз  болуусу» жобосу жана көрсөтмөсү иштелип чыккан. 



Кроме этого, в целях предупреждения дорожно-транспортного травматизма  запланированы игры «Светофор – мой лучший друг», выездные лекции по правилам дорожного движения  под  непосредственным руководством работников ГАИ.

Управление образования совместно с Центром столичного госсанэпиднадзора будут  осуществлять контроль за условиями пребывания и организацией питания детей.
Для эффективной работы лагерей Управлением образования были разработаны Положение и инструкции «О дневном пребывании детей в пришкольном оздоровительном лагере».