Биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков Бишкек шаардык финансылык башкармалыгынын кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, иштерине ийгилик жана бакыт-таалай каалады.


Башкармалыктын мыкты кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен сыйланышты.


Финансы кызматкерлеринин күнү өкмөттүн «Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү жөнүндө» №209- токтомуна ылайык 2003-жылы уюштурулуп, 7-июнь күнү белгиленет.


Ошондой эле, финансисттерди Бишкек шаардык кеӊештин депутаттары куттуктады.