Борбордун транспорттук инфратүзүмүн жакшыртуу жана шаардагы унаа тыгынын азайтуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы 6 негизги көчөдө жол тилкесин капиталдык оңдоодон өткөрүп, 3 көпүрө куруп, темир жол аркылуу 3 жерден жаңы жол ачууну мерчемдеп жатат.

Борбордун көчөлөрү жарактан чыгып жатакандыгынын бирден бир себеби шаардагы жолдун көпчүлүгү мындан 18-20 жыл мурда салынган бойдон азырга чейин колдонулууда. Талап боюнча асфальт жолдо 8-10 жыл аралыгында эле эксплуатация мөөнөтү аяктайт.

Маселен, Абдрахманов көчөсү 2002-жылы, Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектиси 2003-жылы салынган. Демек, 20 жылдан ашык колдонулду. Унаалардын нормадан ашык болгону да инфратүзүмгө кошумча күч келтирүүдө.

Калаа бийлиги төмөнкү көчөлөрдө капиталдык оңдоо жүргүзүүнү мерчемдеп жатат:

- Чүй проспектиси Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин;
- Ж. Абдрахманов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен А. Масалиев проспектисине чейин;
- И. Ахунбаев көчөсү Ч. Айтматов көчөсүнөн Ж. Пудовкин көчөсүнө чейин;
- М. Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;
- Б. Юнусалиев көчөсү Сухе-Батор көчөсүнөн М. Горький көчөсүнө чейин оңдолот.

Ал эми Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.

Капиталдык оңдоо жумуштарына тендер жарыяланган.

Ал эми быйыл курулушу мерчемделген көпүрөлөргө келсек,  Ауэзов көчөсүндөгү Бишкек ЖЭБинен чыккан каналга жана Жибек-Жолу проспектисиндеги Аламүдүн дарыясына көпүрө салынат. Шүкүров көчөсүнө Чыгыш Чоң Чүй каналы аркылуу көпүрө курулуп, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Долбоор И. Ахунбаев менен Медеров көчөлөрүн байланыштырат.

Андан тышкары быйыл борбор шаарда Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. 
Алар 7-апрель, Ж. Абдрахманов жана Ч. Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду. Ага ылайык Ю. Фучик, А. Бакаев жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда.

Маселен, Фучик көчөсү Лев Толстой көчөсүнө чейин узарат. Бакаев көчөсү Толстой көчөсүнөн ары Ала-Арча суусунун жээгин бойлой Бөкөнбаев көчөсүнө чейин созулат. Бул Жаш гвардия бульвары жана Асаналиев көчөлөрүндөгү унаа тыгынын азайтат. Медеров көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чыгуучу Кара-Дарыя көчөсүндө жол тилкеси жаңыдан салынат. Аталган көчө менен Сүйүмбаев көчөсү ортодогу темир жолдон бириктирилет. 7-апрель жана Ж. Абдрахманов көчөлөрүнө альтернатива пайда болот.