Мектепке алдындагы лагерлер  2015-жылдын 8-июнундан 3-июлга чейин иштейт жана 3 миңдей балдарды камтыйт.


Лагерлер шаардын 4 районунда тең иштейт. Биринчи май районунда 9, Свердлов районунда 10, Октябрь районунда 3 жана Ленин районунда 12 лагерь ачылган.


Мектеп администрациялары бардык спорттук жабдыктар менен камсыздалган. Уктоочу  жана эс алуучу бөлмөлөр түзүлгөн. Ойногонго бөлмө оюнчуктар, логикалык оюндар менен толтурулган, ошондой эле, мектептин китепканалары да иштейт.


Балдардын коопсуздугу үчүн Бишкек шаарынын ИИББнын инспекторлору лагерлерде иш алып барышат.


Эскерте кетсек, Бишкек шаарында 44 мектеп алдындагы лагерь 8:00 – 14:00 го чейин иштөөдө. Балдарга 2 маал тамак берилет. Мектеп окуучулары менен бирге мектепке чейинки лагердин 400 ашуун кызматкери иш алып барууда.