Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын адистери калаа көчөлөрүн мыйзамсыз орнотулган жарнамадан тазалоо максатында кезекетеги рейд жүргүздү.

5-февралда Ден-Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Аылкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө өткөн рейддин алкагында мыйзамсыз коюлган жарнама такталардын 51 даанасы алынды.    .

Мындан тышкары башкармалык тарабынан Матросов к. №3 дарегиндеги уруксаты жок орнотулган 40 тонналык контейнер айып базасына жеткирилди.
 
Ошондой эле Свердлов районунун прокуратурасынын чечиминин негизинде Жумабек жана Ж. Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеңилдетилген типтеги объект - "Пери" үлпөт салону алынып, 80 чарчы метр жер шаарга кайтарылып берилди.

Бишкек – сүйүктүү ыңгайлуу шаарым!