«Арча-Бешик» конушунан 170 бала  «Ала-Арча» капчыгайында эс алышты. Балдар чыгармачылык борбору, райондун спорт комитети тарабынан музыкалык оюндар, бийлер, кол өнөрчүлүк, сүрөт жана спорт оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү.  Балдарга ысык тамак, суусундуктар жана таттуулар берилди.


Аталган долбоор Ленин районунда жашаган 1000 баланы камтыйт.


Долбоордун максаты Ленин районундагы жаш балдар жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун комплекстүү уюштуруу.  

Ошондой эле, долбоор балдардын жана өспүрүмдөрдүн ар тараптуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Убакытты жигердүү өткөрүү балдардын жеке өсүүсүнө, чыгармачылык потенциалынын жогорулашына, сергек жашоого тарбияланууга, жеке жоопкерчиликтин калыптанышына жана айлана-чөйрөгө кам көрүү сезимдеринин күч алышына түрткү болот.
Долбоордун аркасында жашоодо кыйынчылыктарды тарткан жаш балдар жана өспүрүмдөргө көӊүл бурулуп, колдоо көрсөтүлөт.