Аталган жолугушууга Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Марат Аманкулов, Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Алтынай Өмүрбекова, Парламенттик достук тобунун төрагасы Рийкогу Михаил Корб, Эстония менен Кыргызстандын ортосундагы Парламенттик достук тобунун башчысынын орун басары Денис Бородич, Кыргызстандагы Эстония Элчилигинин экономика тармагынын кеӊешчиси Кальви Ноормяги, Эстониянын ардактуу консулу Виктор Крыльцов, кеӊешчилер Мэелис Лайкма жана Александр Азичкасов жана мэриянын коммуналдык чарба боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап келечекте Бишкек менен Таллин шаарларынын ортосунда бир туугандык мамиле түзүү келишимине кол кою чечими кабыл алынды.


Бишкек шаарындагы көйгөйлөр Эстониянын борборунда да бар болуп чыкты. Таллин депутаттары жана шаар бийлиги кээ бир көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун табып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даярдыгын айтышты.


Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Таллинде электрондук документ айлануу колдонулат. Эстониянын өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча, керектүү документ чогултууда административдик имараттын кабаттарын аралап жүгүрүүнүн зарылчылыгы жок болуп, жарандардын убакыты үнөмдөлөт.    


Алтынай Өмүрбекова таштанды иргөөчү заводго тиешелүү ЕРӨБ долбоору тууралуу айтып, калаанын жашоо турмушу жана шаар бийлигинин жакын арадагы пландары жөнүндө маалымат берди.


Жолугушуунун аягында вице-мэрдин милдетин аткаруучу Алтынай Өмүрбекова жана Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Марат Аманкулов эстониялык делегациянын өкүлдөрүнө келгендерине жана  кызматташууга макулдуктарына ыразычылыктарын билдиришти.


Ал эми эстондук тарап жылуу кабыл алууга ыразычылыктарын билдирип, Эстония менен Кыргыз Республикасынын борбор шаарларынын ортосунда жакын кызматташууга даярдыктарын белгилешти.