Тренингди БУУнун качкындар боюнча Жогорку Комиссар Башкармалыгы долбоорунун координатору жана  «WESA» ассоциациясынын өкүлдөрү өткөрүштү.


Семинардын башкы милдети райондун жаңы конуштарына ыкчам топтор үчүн имарат бѳлүп берүү жана орундарды аныктоо болду.

Ошондой эле, семинардын жүрүшүндѳ БУУнун качкындар боюнча ЖКБ  долбооруна туш келген жарандыгы жана документтери жок адамдарды азайтуу боюнча максаттар аныкталды.

Белгиленгендей, райондук администрациялар жана МАБдардын кызматкерлери жарандарды каттоо иштерин жүргүзѳ баштады.

Семинар Бишкек шаарынын мэриясынын долбоорун БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссар башкармалыгы жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.