15-апрелде, таңкы саат 7:30 Чүй проспекти менен Н. Исанов көчөсү кесилишкен жерде жол кырсыгы катталып, анда “Бишкекжашылдандыруу” ишканасынын кызматкери жабыркады.

40 жаштагы Насырбек Бердибаев, “Бишкекжашылдандыруу” ишканасына тийешелүү мотороллердин айдоочусу болуп иштейт, анын үч баласы бар.  Бактыга жараша Насырбек тирүү калды, аны башына кийген каскасы сактап калган. Учурда ал ооруканада, анын жараттарын доктурлар тактоодо.  

Алдын ала маалыматтарга караганда жабыр тарткандын бети сыйрылган, оң колу, оң буту чоюлуп калган, башы чайкалып, баш сөөгү жаракат алган.  

Белигилүү болгондой, жабыр тарткан ишкананын кызматкери кызматтык мотороллер менен Исанов көчөсү менен Чүй проспектин көздөй бараткан жеринен №220 маршруттук унаа менен сүзүп кеткен.  

Маалыматка ылайык кырсык болгондо мотороллердин айдоочусу микроавтобустун дөңгөлөгүнүн астында калып, 27 метрге чейин сүйрөлүп кеткен.    

Учурда ЖКККББ тарабынан тиешелүу чаралар көрүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы жабыркаган кызматкерге тезриээк сакайып кетишин каалап, тергөө иштери объективдүү жүрүшүнө үмүттөнөт.