Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы Будённый көчөсүн реконструкциялоого тоскоол болуп жаткан курулуштарды алууда.

Будённый көчөсүндөгү У.Салиева атындагы көчөсү менен кесилишкен жерден баштап, Жибек-Жолу проспектин көздөй, көчө бойлой жайгашкан,  аянты 10х4  метрди түзгөн дөңгөлөк оңдоочу жай, 3 үйгө кошумча салынган дүкөндөр (ар биринин аянты 6х4 метр) алынды. Мындан тышкары  “Аламүдүн” базарын бойлой салынган узундугу 44 метрди түзгөн дубал түрттүрүлдү. Натыйжада  жалпы аянты  130 чарчы метр жер мэрияга кайтарылды.

Курулуштардын ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, шаардыктар жол куруу иштерине тоскоол болбостон, тескерисинче колдоо көрсөтүп, түрттүрүү иштери  өз ыктыяры менен жүрүүдө.  Эске сала кетсек, “Көчөлөрдү жна жолдорду өнүктүрүү”   долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Будённый көчөсүнүн  Жибек Жолу жана Чүй проспектисин ортосундагы бөлүгү оңдолот. Жаңы жолдун узундугу 1,5 км түзүп, жазылыгы 8 метрге барабар болот.

Бишкек – ыңгайлуу сүйүктүү шаарыбыз!