Чакырылган балдарга цирк артистеринин, куурчактардын ыр, бийлеринин коштоосунда концерттик программа тартууланды.


Сууга түшүү мезгилинин ачылышына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев катышты.


Ошондой эле, вице-мэр Айгүл Рыскулова вице-премьер-министр менен мектеп алдындагы лагерлерге жана калаанын балдар эс алуу борборлорун кыдырышты.


Кыдыруунун жүрүшүндѳ калаанын бир нече мектептерине, ошондой эле, балдар үчүн эс алуучу «Фламинго» сейил багына барышты.