Иш-чаранын жүрүшүндѳ мыкты сүрѳт, кѳркѳм окуу, «Табышмактар дүйнѳсүндѳ» жана «Керемет талаа» билим берүүчү конкурстары уюштурулуп, стол тенниси жана спорттук оюндар ѳткѳрүлдү.


Чакырылгандар үчүн Биринчи май районунун Балдар чыгармачылык борборунан концерттик программа тартууланды.


Бардык катышуучуларга англис тил сабактарын камтыган дисктер, китеп, калем, альбомдор жана башка белектер тапшырылды.


«Китеп кербен» балдарды китеп окууга үндѳѳ максатында ѳткѳрүлүүдѳ.