Иш-чарага Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун директорлору, калаанын даарылоо-профилактикалык уюмдарынын, лабораториялык, эвакуациялык, дезинфекциялык топтордун башкы врачтары жана консультанттары катышты.
 
Көрсөтмө-машыктыруучу үйрөтүүлөрдү ачып жатып, Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Кубанычбек Кулбатыров республикада акыркы жылдары туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүүсүнө байланыштуу ар кайсы мамлекеттерден келген туристтердин санынын өсүүсүн белгиледи. Шаарда ичеги инфекциялары, дизентерия жана башка ичеги ооруларынын чыгышынын
коркунучу сакталууда. Ошондуктан, медицина кызматкерлерин атайын даярдоо – машыгуу жана үйрөнүүлөрдү колдонуу менен иш жүзүндө өтүп туруш керек.
 
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы врачы Артур Буюклянов катышуучуларды үйрөтүүлөрдүн максаты жана милдеттери менен тааныштырды.

Машыктыруучу үйрөтүүлөрдүн программасы боюнча №10- үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, холера оорусунун белгилери менен кайрылган бейтапты кабыл алышты. Эпидемиологиялык анамнезди жыйноодо бейтап соода иштери  менен Бишкекке холера күч алып жаткан Индиядан учуп келгени аныкталды.
 
Үйрөтүүлөрдүн жыйынтыгына баа берүү үчүн Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун адисттери чакырылган. Көрсөтмө-машыктыруучу үйрөтүүлөрдүн катышуучулары жана адисттердин айтуусунда, мындай иш-чаралар холера жана башка ичеги ооруларын алдын алууда өтө маанилүү.