Бүгүн таңкы саат 9:30да  Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде  Mercedes Benz E жана Honda Fit маркасындагы эки автоунаа кагылышып кеткен.  

Натыйжада Мерседес газонго кирип кетип, 3 м2 газон чөпкө зыян келтирип, арчалар сынып, суу түтүктөрү талкаланган.

Эки унаа тең борбор калаабыздын жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы Башкармалыктын айыптуу айдоочулар үчүн  унаа токтотуучу жайына жеткирилди. Жол кырсыгына күнөлүү болгон айдоочу чыгымды толугу менен төлөп берет.  

Ардактуу шаардыктар! Жол эрежесин сактап, жол кырсыганан сак болуп, ылдамдыкты жогорултапооңуздарды өтүнөбүз!

Бишкек – сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!