Абай көчөсүндөгү оңдоо иштери аякталды.

Медеров көчөсү менен Горький көчөсүнүн ортосундагы участокто жолго эки катмар асфальт төшөлдү. Үстүнкү кабатындагы асфальттын катмары майда таш жана мастика менен аралаштырылып, туруктуулугу күчөтүлдү.

Бетон менен асфальт көчөгө май марамдарында төшөлдү. Буга чейин технологиялык процесстердеги келип чыккан кемчиликтерден улам оңдоо иштери токтотулган. Кемчилик чыккан участокту толугу менен сыйрып, жолду кайрадан битум менен жаңылап, эки катмар асфальт төшөп чыгышты.   Келип чыккан катачылыктарды подряддык ишкана өз эсебинен каржылады.  Капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөл кызматы бардык технологиляык процессти көзөмөлдөп чыгат.  

Эске сала кетсек, Абай көчөсүн оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 25-мартында башталган.

“Бишкек шаарынын көчөлөрүн жана жолдорун оңдоо” долбоорунун алкагында оңдолуп жаткан көчөлөдүн ичинде Абай көчөсү биринчилерден болуп оңдолду.  Мындан тышкары тизмеде: Нуркамал, Токтогул, Алтымышев (Ремесленная), Репин жана Жайыл Баатыр көчөлөрү каралган.

Бишкек – сүйүктүү ыңгайлуу шаарыбыз!