“Манас” эпосуна арналган иш-чарада белгилүү замандаш манасчылар Талантаалы Бакчиев, Шайлообек Рашов, Рыспай Исаков, Дөөлөт Сыдыковдор эпостун негизги эпизоддорунан үзүндүлөрдү айтышып, аларга  катышуучулар тарабынан “Манас” эпосу боюнча суроолор берилди.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан манасчыларга, жаш манасчыларга, мекеме-уюмдарда “Манас” эпосуна арналган иш-чарларды жогорку деңгээлде  өткөрүп жүргөн мамлекеттик тил боюнча адистерге  сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова “Манас” эпосуна арналган шаардык иш-чаралар бөлүм ачылгандан бери жыл сайын өткөрүлүп жаткандыгын жана үстүбүздөгү жылдан баштап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 259 “Кыргыз Республикасында “Манас” эпосунун күнүн белгилөө жөнүндө” токтомун ишке ашыруу боюнча жыл сайын 4-декабрь “Манас” эпосун белгилөө күнүн Бишкек шаарынын мэриясынын мекеме-уюмдарында, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында өткөрүү пландаштырылып жаткандыгын билдирди.

Шаардык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  Темирбек Осмоналиев, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун төрагасы Райымжан Курбанов, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Анарбек Сарымсаков ж.б. ардактуу меймандар, шаардык мекеме-уюмдардын кызматкерлери катышты.