Ишкана таштандыны иргөөдө 10 позицияны колдонот – текстиль, макулатура, сүрөт макулатура, ачык түстөгү металл, жогорку сапаттуу полиэтилен, төмөн сапаттуу полиэтилен  жана ачык түстөгү  полиэтилентерефталат.


КТКды кайра иштеп чыгаруучу завод калдыктарды жыйнайт, чыгарат, көмөт жана зыянсыздандырат.


Ишкананын директору Александр Засядь-Волктун айтуусу боюнча, заводдо 300 кызматкер жана 44 атайын техника иштейт. Келечекте иргөө тармагы кеӊейтилип, штаты көбөйөт. Азыркы учурда КТКды чыгаруу жана иргөө тарифи бир чарчы метри үчүн 3 рубль 64 тыйынды түзөт.


Аталган завод 1996-жылдан бери иштейт. Шаардын 5 км аралыкта түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Заводдун аянты 20 гектарды түзөт.


Жолугушууга «Тазалык» ишканасынын директору Рыспек Сарпашев жана заводдун өндүрүш башчысы Александр Назарюк катышты.