Концерттик программада кыргыздардын элдик чыгармалары да, кыргызстандыктардын жүрөгүнөн орун алган орус ырлары да аткарылды.


Бишкек мэри өз сөзүндө мекендештерине Петербург шаарына болгон сапарында жетишкен келишимдер жөнүндө айтып берди.


«Биздин тарыхыбыз-жалпы Жеӊиш тарыхыбыз бир. Бишкекте Ленинград блокадачыларынын элесине арналган монумент орнотулган. Биз андан ары да Санкт-Петербург шаары менен ар тараптуу кызматташтыкты улантабыз. Менин оюмча сиздер бүгүнкү маданий иш-чарадан чон ыракат аласыздар»,- деди мэр.


Келген коноктор үчүн бишкектик бий топтору, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы элдик аспаптар оркестри, КРнын эл артисти Жанетта Бобкова, опера ырчылары жана адам-оркестр Курмангазы Азыкбаев чыгышты.


Ошондой эле, ачылыш аземине Санкт-Петербург шаарынын Маданият комитетинин төрагасынын орун басары Александр Воронко жана Петербургда жашап жатышкан Кыргызстандын жарандары катышты.