Майрамдык кече калаанын кафелеринин биринде Кыргыз Республикасынын Эл артистеринин жана райондун чыгармачылык жамааттарынын коштоосунда өткөрүлдү.


Октябрь райондук администрациясынын башчысы  Болот Алымкулов чакырылгандарга терең ыраазычылык билдирип, алардын медицинадагы ордун, кошкон салымын белгиледи.


Майрамдык иш-чарага Октябрь районунун медициналык жана билим берүү мекемелеринин 50дөй жетекчилери чакырылып, белектер тапшырылды.


Катышуучулар Октябрь райондук администрациясынын ыраазычылык билдирип, администрация тарабынан дайыма колдоолор көрсөтүлөрүн белгилешти.


Маалымат: Октябрь районунда 4 миңдей медицина кызматкерлери эмгектенген 19 ар түрдүү медициналык мекемелер бар. Ошондой эле, Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы жайгашкан. Аталган академияда биздин гана эмес, башка өлкөлөр үчүн да медицина кызматкерлерин даярдашат.