Кыргыз Республикасынын салык кодексинин №332 беренеси боюнча кыймылдуу мүлк салыгын 2015-жылдын 1-сентябрына чейин катталган жери боюнча төлөө керек.


“Кыймылдуу мүлктүн салыгынын чогулбай калуусу  шаардык бюджеттигн акча жоготуусу,  салыктан түшкөн каражатка жаңы унаа жолдорун курууга болот. Буга байланыштуу биз маалыматтандыруу иштерин күчөтүүбүз керек”,-деди биринчи вице-мэр.


Эгерде унаа ээси кандайдыр бир себептер менен башка шаарда же Кыргыз Республикасынын башка областында жүргөндүгүнө байланыштуу унаасы катталган жерге келе албаса, анда ал салыкты каалаган банктардын бирине төлөсө болот.

Мындай учурда, унаанын техникалык паспорту боюнча козголмо мүлктүн катталган жерин көрсөтүү зарыл.

Бишкек шаарынын мэриясы салык төлөнбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин негизинде юридикалык тарап үчүн 5 миӊ сом, ал эми атуулдарга 2 миӊ сом өлчөмүндө айып салынарын эскертет.