Иш-чарага балдар, мектеп алдындагы жайкы лагерлердин окуучулары, ошондой эле, каалоочулар катышты.


Чакырылгандарды Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева куттуктады.


“Урматтуу балдар! Урматтуу ата-энелер! Сиздерди сууга түшүү мезгилинин ачылышы менен куттуктайм. Бүгүн сиздер жакшы маанайда кайтасыздар деп ишенем”,-деди Айнагүл Чылабаева.


Андан кийин балдарга жомок каармандарынын катышуусунда театрлаштырылган көрсөтүү көрсөтүлдү. Райондун чыгармачылык борборунун балдары чакан концерттик программа тартуулады.


Концерттик программа кичинекей шаардыктарга балмуздак таратуу менен коштолду.


Иш-чаранын жыйынтыгында балдар “Пионер” көлүнө түшүүгө жөнөштү. Ар бир бала оюн-зоок программадан жана сууга түшүүдөн рахаттанып  кайтышты.