Иш-чарага дарыгерлер, райондун саламаттыкты сактоо мекемелеринин директорлору жана өзгөчөлөнгөн кызматкерлер катышты.


Чакырылгандарды Свердлов райондук администрациясынын биринчи орун басары Василий Красильников жана социалдык маселелер боюнча башчынын орун басары Чынара Борбашева куттуктап, талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылыктарды билдиришти.


Жемиштүү, активдүү жана көп жыл эмгектенген дарыгерлер Свердлов райондук администрациясынын Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.