Салтанаттуу иш-чара жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналды.


Ленин райондук администрациясынын башчысыныны орун басары Жамалкан Мамытова куттуктап, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын иши көп кырдуу экенин жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу башкы максаты экенин белгиледи.


Ошондой эле, инспекторлордун иши кылмышкерлерди аныктап, эркиндигинен ажыратып гана койбостон, балдарга жардам берип, келечекте жакшы адам болуусуна салым кошот деп толуктады.