Бишкек шаарынын чыгармачыл топтору сейил бакты кайра калыбына келтирүү жана анда Чыӊгыз Айтматовдун эстелигин тургузуу боюнча 11 долбоор сунуштады.

“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасында ачык сынактын жыйынтыктарын чыгаруу максатында калыстар тобунун чогулушу өттү.

Ишкананын жетекчиси Асхат Тулебердиев жана архитекторлор союзунун мүчөлөрү сунушталган долбоорлор менен таанышып, добуш берүүнүн жыйынтыгында биринчи оорунга скульптор Азамат Абдраимов ээ болду, экинчи оорунду Эмил Турдалиев ээледи. Ал эми, үчүнчү оорунга Тамила Мамытова татыктуу деп табылды.

Эскерте кетсек, биринчи оорунга сыйлык катары 150 миӊ сом, экинчи оорунга 100 миӊ сом, ал эми үчүнчү оорунга 50 миӊ сом каралган.

Жеӊишке жеткен автордун долбоору шаардык кеӊеште каралмакчы.

Бишкек – тарыхы бай сүйүктүү шаарыбыз!