Бүгүн район башчысы Алибек Биримкулов Бейшеналиев көчөсү №57/1 жана 57/2 дарегинде өрттөнгөн үйгө барды, өрт 5- июлда түнкү саат 02:00до чамасында чыккан.

         Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Дүйшембиев район башчысына өрт өчүрүү боюнча колдонулган чаралар жөнүндө маалымат берди.

         Район башчысы №14 МАБдын башчысы Каныбек Калиевге тийиштүү кызматтар менен биргеликте жардам көрсөтүү жана калк арасында мүлктү камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу тапшырма берди.

         Бишкек шаарынын мэриясы  жарандарды тилсиз жоодон сактануу үчүн өрткө каршы ченемдерди сактоого жана мүмкүндүү болгон өзгөчө кырдаалдан мүлктү камсыздандырууга чакырат.